УЛУТ (лат. natio - уруу, эл) у к
у к т а - жалпы аймактын, экономикалык байланыштардын, тилдин, маданияттын жанa
кулк - мүнөздөрдүн айрым өзгөчөлүктөрүнүн калыптануусунун жүрүшүндө жаралган, анын
негизги белгилерин түзүүчү адамдардын тарыхый жалпылыгы. Улут айрым учурда «эл» түшүнүгү менен
түгөйлөш; англис жана роман тилдүү өлкөлөрдүн конституциялык укугунда
«мамлекет», «коом», «бардык жарандардын жалпылыгы» деген мааниге ээ; Улут тарыхта индустриалык доордун социалдык-экономикалык, маданий-саясий жана руханий жалпылыгы;
Улутту жарандардын
саясий жалпылыгы жана этникалык жалпылык катары түшүнүүгө болот. Улуттун пайда болушу өндүрүш мамилелеринин өнүгүшү менен байланышкан: жалпы рынокто
чарбалык системаны түзүү менен бытырандылыкты жоюп, улуттук биримдикти чыңдоо, жалпы
адабий тилди, маданияттын
жалпы элементтерин түзүү жана кеңири жайылтуу ж. б. Бардык улутт ар кыл уруулардан, айрымдары ар кайсы
элден куралган. Улут
түшүнүгүн расалык же
диний ал турмак мамлекеттик
жалпылык менен аныктоого
болбойт. Бир динди туткан ар түрдүү улуттар бар, же тескеринче улуттун айрым бөлүгү ар башка динди тутушу
да мүмкүн. Алсак, бир эле мамлекетте ар түрдүү улуттар жашайт. улуттун турмушунда анын
башка улуттар менен карым-катнашында этностук өзгөчүлүк (тили жана маданий жашоо образы) чоң мааниге ээ экендигине
карабастан, ал социалдык өнүгүштүн бир көрүнүшү. Экономикалык турмуш жалпылыгынын түзүлүшү үчүн
аймактын жалпылыгы зарыл, ал улуттун калыптанып өнүгүүсүнө шарт түзөт жана анын
негизги белгиси катары милдет аткарат. Улуттук сезимдердин ойгонуп, чыңалуу процессинде жалпы
адабий тил иштелип чыгып, улуттун маданий интеллектуалдык байланыш куралына айланат.
Бирдиктүү экономика, аймак жана тил байланышынын узак бирге болушунун негизинде
руханий турмуштун жалпылыгы келип чыгат. Бул процесс улуттун өнүгүшү үчүн маанилүү
роль ойногон. Экономикалык
байланыштардын, аймактын,
тилдин, салттын, маданияттын,
психологиянын, аң-сезимдин улуттук жалпылыгын же улуттун өзүнө гана таандык аң-сезимди
пайда кылат. Айрым мезгилде улут
көз карандысыздык үчүн күрөшүүдө жана өзгөчө жеңишке ээ болгон соң калыптанат (мисалы, Азия жана Африка өлкөлөрүндө). Улуттун калыптанышына акындар, сүрөтчүлөр,
журналисттер, тарыхчылар жана лингвисттер чоң роль ойногон. Социалисттик система кыйрап, экономика рынок мамилелерине
өтүп жаткан шартта Кыргызстанда
экономика, маданият,
тил жана аң-сезим жаңылануу процессине туш болуп, улуттук сыймыкчыл сезимдер күч
алууда.