Орфография деген эмне

ОРФОГРАФИЯ (гр. orthos - туура ж -a ...графия) - адабий тилдеги сөздөрдү туура жазуунун атайын принциптерин камтыган эрежелер системасы. Орфография сөздөрдү жеке же диалектилик өзгөчөлүгүнө карабастан, бир тартип менен жазуу талабын койгон милдетти аткарат. Сөздөрдү бул же тигил жолго салып жазуу маселеси орфографиялык принциптер менен жөнгө салынат. Орфография эрежелеринде фонемалар менен сөздөрдү туюнтуунун ыктарын тандоо, ошондой эле баш тамгаларды колдонуу, сөздөрдү ташымалдоо, ажыратып же бирге жазуу сыяктуу маселелер бир жактуу чечилет. Тамга-тыбыш жазуусунун негизги принциби - фонетикалык принцип. Мында фонемалар альфавит эрежесине ылайык туюнтулат (орусча «трава», «травы»). Буга фонетикалык принцип да кошулуп кетет (тамга кадимки ооздон чыккан тыбышка туура келет). Калган принциптерде сөздүн жазылышы менен тыбыштык курамы шайкеш келе бербейт. Алар - морфологиялык (a р кандай угулушуна карабастан морфемалат орфографияда кабыл алынган принцип боюнча жазылат этимологиялык (сөз кайсы тилден келсе ошондогу жазылыш эрежеси сакталат), салттуу уура эмес болсо да, абалкы бир орфография принцибинин талабы боюнча жазылат), дифференциациялык (омонимдерди бири биринен айырмалап жазуу максатын көздөйт) принциптер. Кыргыз тилинин орфографиясы негизинен морфологиялык жана фонетикалык принцип боюнча түзүлгөн