СОВЕТТИК СОЦИАЛИСТТИК РЕСПУБЛИКАЛАР СОЮЗУ (СССР)
- 1922-91-жылдарда мурунку Россия империясынын аймагындагы мамлекет. Жарандык согушта
большевиктердин жеңишинен кийин Совет бийлиги орнотулган. Россия (РСФСР),
Украина (УССР), Беларусь (БССР) жана Кавказ федерациясы (ЗСФСР) 1922-жылдын 30-декабрында
СССРдин түзүлгөнүн жарыялашкан. 1924-ж. СССРдин биринчи конституциясы кабыл алынган
. Кийинчерээк СССРдин курамына Түркмөнстан, Өзбекстан (1925), Тажикстан (1929)
кирген. 1936-жылы жаңы конституция түзүлүп, ага ылайык СССРде социалисттик
коом түзүлгөн. ЗСФСР жоюлуп, ага кирген Армения, Грузия, Азербайжан өзүнчө республика болуп, СССРдин курамына
кошулган; Казак ССРи менен Кыргыз ССРи түзүлгөн (мурун автономиялуу респ.). 1939-жылы СССРге Прибалтика өлкөлөрү
кирип, 1940-ж. Латвия, Литва, Эстония республикалары түзүлгөн. 1984-жылга
карата СССРдин курамында 15 союздук, 20 автономиялык республика, 8 автономиялык
облус, 10 автономиялык округ, 129 аймак жана облус, 3213 район жана 41 963
айыл совети болгон. Дүйнө жүзүндөгү эң чоң мамлекеттердин катарына
кирген. Аймагы боюнча жер шарынын 1/6 бөлүгүн, Европа жана Азия континентинин 22,4 млн
км2 жерин ээлеген. СССРдин социалисттик өзөгүн жумушчу, дыйкан жана интеллигенциянын
биримдиги түзгөн. Экономикалык системанын башкы өзөгүн өндүрүштөгү каражаттардын
баарына ээлик кылып, көзөмөл жүргүзгөн мамлекеттик ишканалар, колхоз-совхоздор,
кооперативдер түзгөн. Чарбалык уюштуруу, маданий тарбия иштери, ар кимдин алына,
ишине жараша шарт түзүү бул түзүлүштүн негизги милдети болгон. Өкмөт элдин
ден-соолугуна, бекер окуусуна, иш менен камсыз кылууга, эмгек акыны
жогорулатып, алардын жашоо-турмушун жакшыртууга кам көргөн. СССРде саламаттык сактоо,
элге билим берүү, социалдык камсыздоо, соода-сатык, турмуш-тиричилик жана коммуналдык
тейлөө мамлекеттик системалары иштеп турган. Бардык
мамлекеттик органдар депутаттык советке баш ийген. Тышкы иштеринин
негизин тынчтык үчүн күрөшүү, коңшу мамлекеттер менен ынтымакта жашоо, өз ара
колдоо, жардам көрсөтүү сыяктуу маселелер түзгөн. 1970-80-жылдары өлкөдө укук
коргоо кыймылдары күч ала баштаган. Тышкы саясаттагы жана дүйнөлүк рыноктогу
экономикалык жетишкендиктерине карабай СССРдин ички
экономикасы 1980-жылдары солгундап кеткен. Башкаруу системасында реформа жүргүзүү
боюнча аракеттер жүргөн. 1985-жылы КПСС БКнын генералдык секретарлыгына М. С. Горбачев
шайланган. Ал коомду өзгөртүү максатында «кайра куруу» саясатын жүргүзгөн. Жеке
менчикти киргизип, батыш өлкөлөрү менен алака түзүүнү көздөгөн. Россия баш болуп,
союздук республикалар арасында өз алдынчалыкка умтулуу башталган. 1990-жылы бардык союздук республикалар суверенитет жөнүндө декларация кабыл
алышкан. 1991-жылы Прибалтика республикалары өз алдынчалыгын жарыялашкан.
1991-жылдын декабрында Беларуссия, Украина жана Россия СССРдин кулашы жөнүндө билдирүү жасашып, КМШны
түзүү келишимине кол коюшкан. Эл ар алык милдеттерге ылайык СССРдин ордун
Россия ээлеп калды.