Темперамент деген эмне

ТЕМПЕРАМЕНТ— индивиддин психикалык ишмердигинин динамикалык өзгөчөлүктөрүнө карата берилген комплекстүү мүнөздөмө. Муну темпераменттин структурасындагы жүрүм-турум комплексин мүнөздөөчү үч башка компоненттен көрсөк болот. Темпераменттин биринчи компоненти - мында индивиддин жалпы активдүүлүгү мааниге ээ. Индивиддин «динамикалык» өзгөчөлүктөрүнөн - көңүлсүз, шалаакы, демилгесиз жана камырабас маанайдагы жүрүм-турумдарынан тартып, көңүлү ачык, аракетчил, күчтүү, демилгечил маанайдагы жүрүм-турумдарына кеңири түшүнүк берет. Темпераменттин экинчи компоненти - кыймылдуулук, шайдооттук. Мында индивидуалдык ырааттуулук психикалык абалдын таасирине (күчүнө) жараша активдешет. Бул сапаттар төмөндөгүдөй параметрлерден  турат: ылдам, күчтүү, ачуулу, ыраттуу ж. б. булчуң кыймылдарына байланыштуу белгилер. Булардын айрымдары индивиддин сүйлөгөн сөзүнүн күч-кубатын, интонациясын мүнөздөшү мүмкүн. Темпераменттин үчүнчү компоненти - эмоциялуулук (кайгыруу, кубануу, тез ачуулануу). Ал индивиддин сезими менен көңүлүндө тез пайда болуп, кайра тез таркап кетчү оң жана терс эмоциялык касиеттер менен моралдык жана интеллектуалдык сапаттардын жыйындысы. Өзгөрмө эмоциялуулук индивиддин таасирденүү жана шыктануу күчүнүн таасиринде пайда болот.