СТИЛИСТИКА - 1) тил илиминин
стиль изилдөөчү тармагы; тил каражаттары жана алардын пикирлешүүнүн ар кайсы тармактарында
колдонулуу жолдору, формалары жөнүндөгү окуу. Тил илиминде стилистиканын стилдердин түрлөрүнө жараша алынган
бир нече классификациясы бар. Стилистика
стилдерди изилдөө менен
гана чектелип калбастан, алардын эволюциясын адабий тилдин тарыхы менен байланыштырып
кароо, адабий чыгармалардын тилдик курулушунун универсалдуу ыкмаларын, жанрларын
(прагматика менен бирдикте), тилдин экспрессивдүү каражаттарын, тропторду
изилдейт. Учурда стилистика
функциялык стилистикага, тил бирдиктеринин стилистикасына, тексттин стилистикасына, адабий тилдин стилистикасына бөлүнөт. Функциялык стилистика стилдердин системасын, анын ички структуралык
түзүлүшүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрүн изилдейт. Функциялык стилистикада негизги функциялык-стилдик
биримдиктердин типологиясынын, классификациясынын жана бөлүнүшүнүн принциптери иштелип
чыгат жана стиль жаратуучу
экстралингвистикалык факторлор, белгилүү бир функциялык-стилдик
биримдиктин тилдик элементтерин колдонуу жана тандап алуунун ыкмалары аныкталат. Тил бирдиктеринин
стилистикасы бардык
бирдиктердин жана категориялардын милдетин иликтейт, ошондой эле жалпы адабий речтик каражаттар,
алардын тилдик башка элементтер менен карым-катышы талдоого алынат. Тексттин стилистикасы тилдик бирдиктердин белгилүү бир
идеялык-мазмундук, функциялык, композициялык-структуралык биримдикке баш ийген түзүлүшүнүн
жеке жана жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрүн изилдейт. Мындан сырткары, бир тилдин стилистикасынын экинчи бир тилдин стилистикасы менен салыштырылышы салыштырма
стилистиканын предметин
түзөт. Салыштырма стилистика
теориялык (бир эле мазмунду түрдүү тилдерде
туюндуруунун жолдорун иликтөө) жана практикалык (бир тилден экинчи тилге өткөндө
же которгондо тандап алган каражат, ыкмаларды изилдөө) болуп бөлүнөт. Поэтика менен риторика стилистиканын булактары болуп эсептелет. Стилистика
19-кылымдын башында немис романтиктеринин
эмгектеринде чыгармачылыктын
жекече белгилерин көрсөтүү үчүн колдонулган; көркөм адабиятта - адабият
теориясынын поэтикалык тилдин өзгөчөлүктөрүн, касиеттерин изилдөөчү бөлүмү. Элдин
тили, улуттун тили өзүнчө бир бүткөн бүтүндүк экенине карабастан, аны пайдаланган
өкүлдөрдүн
ар түрдүүлүгүнө
жараша сүйлөшүү речинде, жазма речинде
ар түрдүү стилистика
келип чыгары мыйзам ченемдүү
көрүнүш. Стилистика
көркөм адабияттын стилин ар тараптан кеңири жана
терең изилдөөнү талап кылат.
Ад.: Одинцов В. В. Стилистика текста.
М., 1980;
Степанов Ю. С. Стилистика.
М., 1990.