ШАЙЛОО - жашаган аймагы, жарандыгы, улуту, тили, башкаруу бийлиги, мамлекети же башка бир алар үчүн кандайдыр бир баалуулукту билдирген бирдейликтин негизинде бириккен адамдардын тобу (мисалы, бир мамлекеттин жарандары, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү) тарабынан өздөрүнө жетекчини, өкүлдү, соттун судьясын, элчини же башка кызмат адамын же адамдардын тобун ачык же жабык түрдө топтун ар бир мүчөсүнүн тикелей доубш берүүсү менен, добуш берүүнүн жыйынтыгы менен тигил же бул адамды алдын ала белгиленген кызмат ордуна дайындоо процесси.
Адатта шайлоо - бул мамлекеттин жогорку кызмат орундарына, өкүлчүлүктүү органдарга эл өкүлү катары депутаттарды жана башка кызмат орундарга жалпы элдин же ыйгарым укуктар чегерилип берилген өкүлдөр (мисалы, депутаттар) тарабынан тикелей добуш берүүсү менен талапкерлердин арасынан эң көп добуш алганын тиешелүү кызмат орундарына (мисалы, президент, депутат, элчи, өкүл, соттун судьясы, аким, губернатор, айыл өкмөттүн башчысы) бекитүүсү (дайындоосу).