ЦИВИЛИЗАЦИЯ (латынча civilis жарандык, мамлекет)
- 1) маданияттын синоними. Материалдык маданият; 2) коомдун материалдык жана
рухий өнүгүүсүнүн деңгээли жана тепкичтери (Антикалык цивилизация); 3) коомдун варварчылыктан
кийинки өнүгүү баскычы (Л. Морган, Ф. Энгельс); 4) терминдин азыркы мезгилдеги мазмунда
- өндүрүштүн, социалдык мамилелердин, саясий турмуштун, илимдин жана маданияттын башка
элементтеринин өнүгүүсүнүн салыштырмалуу жогорку деңгээли менен айырмаланган дүйнөлүк
прогресстин баскычы. Цивилизациянын өнүгүүсүнүн негизги мыйзам ченемдүүлүгү -
жаңы муундар тарабынан мурда түзүлгөн баалуулуктарды жаңы шарттарга жана керектөөлөргө
ылайыкташтырып, кайра иштеп чыгуу менен өздөштүрүү. Учурдагы цивилизациянын саясий
баалуулуктары: турмуштун демократиялык түзүлүшү эркиндик, адам укугу, социалдык
теңдик, акыйкат принциптери, укуктук мамлекеттин негиздерин ырастап, камсыз кылуу,
тынчтык үчүн күрөшүү, калк арасында өз ара карым-катнашты күчөтүп, ынтымак мамилелерин
өркүндөтүү. Цивилизациянын өнүгүү процессинде көптөгөн чечиле элек
глобалдык жана региондук проблемалар (эл аралык куралдуу чыр-чатактар,
терроризм, ядролук согуш коркунучу, экологиялыккатастрофа ж. б.) сакталууда. Дүйнөлүк цивилизациянын алдыңкы прогрессивдүү күчтөрүнүн
негизги максаты - учурдагы өнүккөн жана өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн, саясий системалардын
ортосундагы чатак маселелерди, карама-каршылыктарды цивилизациялуу жол менен
келишүү, макулдашуу,келишим аркылуу чечүүгө аракеттенүү. Прогресстин башкы булагы
болуп бардык элдердин жана өлкөлөрдүн өнүгүү тажрыйбасы, материалдык жана рухий байлыгы саналат.
Ошол эле учурда цивилизациянын башкы максаты - эзелтен сакталган
элдик салттарды, муундан-муунга өтүп сакталып келген материалдык жана
рухий булактарды сактоо менен калктын экономикалык, саясий, социалдык ма-милелерин
ырааттуулук менен чечүү.