ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫ - шайлоолорду жана референдумдарды
уюштуруучу, даярдоочу жана өткөрүүчү коллегиялуу орган. Шайлоо комиссиясынын курамы,
өкүлдөрү, шайлоо тартиби атайын мыйзамдын негизинде каралат. Шайлоо комиссиясы өз
ишинде КРдин Конституциясын, «КРдин Президентин жана Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин депуттарын шайлоо жөнүндө» жана «Референдум жөнүндө» КРдин
мыйзамдарын, «Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү б-ча шайлоо комиссиялары
жөнүндө» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо жөнүндө» КР
мыйзамдарын, ошондой эле КРдин башка укуктук актыларын жетекчиликке алат.
Негизги милдети - КР Президентин, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоону, КР
референдумдарын даярдоо жана өткөрүү, шайлоо блокторун, референдумдун демилгелүү
топторун каттоодон өткөрүү, шайлоолор жөнүндөгү мыйзамдардын бирдей аткарылышын камсыз
кылуу, төмөнкү шайлоо комиссияларынын ишмердигине жетекчилик кылуу, жарандардын,
коомдук бирикмелердин шайлоо укуктарын камсыздоо, шайлоолорду даярдоо жана өткөрүүнүн
жүрүшүнө көзөмөлдүк кылуу. Шайлоо комиссиясы көз карандысыз, туруктуу иштөөчү мамлекеттик орган жана анын ыйгарым укуктарынын
мөөнөтү 5 жылга белгиленген.