Роман деген эмне

РОМАН (французча roman) - жеке адамдын өзүн курчаган дүйнөгө мамилесин, мүнөзүн жана өзүн-өзү аңдоосунун өнүгүшүн жана калыптанышын баяндаган адабий жанр; эпикалык көлөмдүү чыгарма. Көбүнчө кара сөз түрүндө жазылат. Романдын алгачкы үлгүлөрү байыркы доорлордо эле (мисалы, Гелиондордун «Эфиопикасы») жаралган, бирок анын чыныгы өнүгүү жолу Кайра жаралуу доорунан кийин башталган. Роман деп адепки учурларда роман тилдеринде жазылган баян мүнөзүндөгү чыгармалар гана аталган. Кийин англис жана немис романдары пайда болгон соң, «роман» азыркы маанисинде колдонула баштаган. Роман - жаңы замандын эпосу; инсан менен элдин жан дүйнөсү биримдикте болгон эпостонайырмаланып, Pоманда жеке адамдын турмушу менен коомдук турмуш өз алдынча көрүнүштөр аркылуу берилет, бирок жеке адамдын «өздүк» ички турмушу «эпопеялык» түрдө, б. а. жалпыга тиешелүү, коомдук маңызын белгилөө менен ачылат. Алгачкы романдар Кайра жаралуу доорунда пайда болгон (Боккаччонун «Декамерон», Сервантестин «Дон Кихот» романдары). Романдын биринчи тарыхый формасы катары айлакердик романы эсептелет. 18-кылымда негизги эки түрү өнүккөн: социалдык- турмуштук роман (Г. Филдинг, Т. Смоллетт) жана психологиялык роман (С. Ричардсон, Ж. Ж. Руссо, Л. Стерн, И. В. Гёте). 19-кылымда роман дүйнөлүк адабиятта үстөмдүк абалды ээлеп, О. Бальзак, А. Стендаль, Т. Флобер, Э. Золя, В. Скотт, Ч. Диккенс, У. М. Теккерей, А. С. Пушкин, И. С. Тургенев, И. А. Гончаров, Л. Н. Толстой, Ф. М. Достоевский ж. б. жазуучулардын коом турмушун ар тараптан изилдеген романдары жаралган.20-кылымдагы романдарда сын реализминин социалдык-турмуштук жана психологиялык салттары улантылды (Ж. Голсуорси, А. Франс, роман Роллан, роман Тагор, Т. Манн, Л. Фейхтвангер, М. дю Гар, А. Моравиа, Э. Хемингуэй, У. Фолкнер, Я. Кавабата ж. б.). Кыргыз адабиятында роман жанрынын жаралышы кыргыз элинин улуттук жазуусунун пайда болушу менен байланыштуу. Бул процесске мурдатан жазмасы бар элдердин адабияты өзгөчө чоң таасир этти. Кыргыз романынын жанр катары калыптанышына Т. Сыдыкбековдун чыгармачылыгынын мааниси зор. Анын «Тоо арасында», «Темир», «Биздин замандын кишилери», «Тоо балдары», «Жол», «Көк асаба» романдары улуттук сыймыкка ээ чыгармалар дан болуп калды. М. Элебаевдин «Узак жол», К. Баялиновдун «Боордоштор», У. Абдукаимовдун «Майдан», Т. Касымбековдун «Сынган кылыч», «Келкел», «Баскын», Ч. Айтматов дун «Кылым карытар бир күн», «Кассанд-ранын эн тамгасы», Ѳ. Даникеевдин «Көкөй кести», К. Акматовдун «Мезгил», «Күндү айланган жылдар» романдары кыргыз ад-тында роман жанрынын ар кыл жылдардагы мыкты табылгалары болуп саналат.