Экология илими

ЭКОЛОГИЯ (гр. oikos - үй, мекен жана ... логия) - организмдердин өз ара жана айлана-чөйрө менен болгон байланышын изилдөөчү биологиялык илим; табияттагы жандуу жана жансыз нерселердин өз ара байланышын, айлана-чөйрө жана андагы болуп жаткан процесстерди изилдейт. Алгач «экология» терминин немец биологу экология Геккель 1866-ж. сунуш кылып, «Организмдердин жалпы морфологиясы» китебинде экология жөнүндө түшүнүк берген. Экологиянын объектилери организмдер популяциясы, жамаатташтыгы, экосистемалар жана бүтүндөй биосфера болот. Экология жөнүндө түшүнүк алгач антика мезгилинде (Индия трактаттарында, Аристотелдин жаныбарлардын жүрүм-турумдары жөнүндө жазган эмгектерде) эле пайда болгон. Азыркы экология популяциянын чөйрөгө жана анын организмге тийгизген таасирин, популяция санын сактоо жолун, анын түзүлүшүн, биогеоценоз, экосистеманы жана башкаларды изилдейт. Жалпы жана жеке экология болуп бөлүнүп, бир нече илимий багыты бар. Жеке организмдин чөйрө менен өз ара аракетин – ауто-экология, организм тобу (жамаатташтык) менен биогеоценозду - синэкология, популяциянын бир аймакта жашаган бир түрдөгү особдордун жыйындысын популяциялык экология изилдейт. Экология өсүмдүктөр экологиясы, жаныбарлар экологиясы, адам экологиясы жана башка болуп бөлүнөт. Табигый чөйрөнүн адамга тийгизген таасирин 20-кылымдын 2-жарымында пайда болгон адам экологиясы (антропология экологиясы) изилдейт. Кийинки убактагы чөйрөнүн радиоактивдүү заттардан булгануу коркунучу радиоэкологияны пайда кылды. Экологиялык изилдөөлөр 18-кылымдын табият таануучуларынын (К. Линней, Ж . Бюффон, П. С. Паллас ж. б.) эмгектеринде эле белгиленген. 19-кылымдын башында немец окумуштуусу А. Гумбольдт өсүмдүктөрдүн жер жүзүндө аба ырайына ылайык таралышын аныктаган. Экологиянын негизги принциптери менен милдеттерин 19-кылымдын 2-жарымында орус илимпоздору К. Ф. Рулье, Н. А. Северцов, А. Н. Бекетов, немец окумуштуулары А. Гризебах, И. Лоренц негиздешкен. Экологиянын өнүгүшүндө Ч. Дарвиндин эволюциялык окуусунун мааниси чоң. 1868-жылы орус илимпозу Н. Ф. Леваковский чөйрөнүн организмге тийгизген таасирин эксперимент аркылуу аныктаган. Жаныбарлардын экологиясы жөнүндө алгачкы эмгекти америкалык илимпоз Ч. Адамс жарыялаган. 20-кылымдын 20-30-жылдарында советтик окумуштуу В. И. Вернадский биосфера окуусун киргизип, ноосфера жөнүндө кеңири түшүнүк берген. СССРде экологиянын өсүшүнө Б. С. Виноградов, Н. П. Наумов, О. И. Семёнов-Тян-Шанский, А. Н. Формозов, А. А. Насимович, М. С. Гиляров жана башкалардын эмгектери зор. Ѳсүмдүк популяциясы жөнүндө окууну советтик ботаниктер Т. А. Работков, А. А. Уранов сунуштаган. Мындан тышкары экологиянын өнүгүшүнө Ч. Элтон, Б. Коммонер, К. А. Мёбиус, Ю. Одум, Н. Ф. Реймерс, Ф. Дрё, Т. Т. Акимова, В. В. Хаскин ж. б. окумуштуулардын да салымы чоң. Жалпы экологиянын калыптанышына гидробиологиянын жетишкендиктери, экосистема жана биогеоценоз түшүнүгү, математикалык ыкмаларды кеңири колдонуу ж. б. негиз болгон. 20-кылымдын жарымынан адамзаттын табигый чөйрөгө кескин таасир этүүсүнөн экология жаратылышты рационалдуу пайдалануу жана тирүү организмдерди коргоо илими катары өзгөчө мааниге ээ болду. Адамдын өндүрүштүк активдүүлүгүнөн атмосфера, океан, көл, дарыя-суулардын булганышы, өсүмдүктөрдүн жок болушу, жаныбарлардын көп түрүнүн тукум курут болушу, айлана-чөйрөнү коргоо маселесине чоң көңүл бурууга жана экологиялык изилдөөлөрдүн кеңейишине түрткү берди. Илим катары өнүгүп, изилдөө объектиси жана методу аныкталып, ИТРдин натыйжасында экосистеманын продукттуулугун жогорулатуу жана жаратылышты коргоо проблемаларынын актуалдуулугу күчөдү. Эл аралык деңгээлде түрдүү экол. көйгөйлөр боюнча жыйындар, конференциялар ж. б. иш-чаралар өткөрүлө баштаган. 1972-ж. экология боюнча айлана-чөйрөнү коргоо күнү (5-июнь, 1972-ж., Стокгольм конверенциясы) кабыл алынган. экология турмушта болуп жаткан кубулуштар менен тыгыз байланышта өнүгүп, айдоо аянттарын өздөштүрүү, айыл чарба өсүмдүктөрү менен жаныбарларды бөлүштүрүү, байырлаштыруу жана селекция, илдет зыянкечтерге жана топурак эрозиясына карш ы күрөшүү, сууну, абаны, айлана-чөйрөнү булгануудан сактоо ж. б. маанилүү маселелерди чечүүдө чоң роль ойноду. Учурда, экологиянын геоэкология, биоэкология, гидроэкология, ландшафттык экология, этно-экология, социалдык экология, химиялык экология, радио экология, өнөр жай экологиясы ж. б. тармактары бөлүнүп, ал эң жөнөкөй локалдык деңгээлдеги экосистемадан баштап, глобалдык деңгээлдеги жер катмарларына (атмосфера, литосфера, гидросфера, биосфера) тийген табигый жана антропогендик таасирлерди жана андан пайда болгон кесепеттерден арылуунун жолдорун издейт. Табиятты коргоо чараларын иштеп чыгууда да мааниси чоң болгондуктан, табиятты коргоо экологиянын бир бөлүгү болуп эсептелет.