ОЙ, ой-пикир - айлана-чөйрөнү, ааламда өтүп жаткан процесстерди баамдаган адамзаттын интеллектуалдык дүйнө кабылдоо жөндөмүнүн көрүнүшү, башкача айтканда, акыл-эстин жайынча эле кезек-кезек өлчөмсүз тездикте чагылдырылып, билдирилип турган формасы. Ой куруму ар түркүн болот. Бир эле ой бир же бир нече бөлүктөн турушу ыктымал. Алардын (ойдун бөлүктөрүнүн) ар бири интонация жагынан салыштырмалуу бүтүндүккө ээ.