Уран деген эмне


1. УРАН (лат. Uranium) 92U  -  элементтердин мезгилдик системасынын 7-мезгилинин 10-катарынын III  тобундагы радиоактивдүү элемент.  Актиноиддерге  кирет.  Катар номери  92,  атомдук  массасы  238,029.
Урандын мезгилдик сандары  228U -  241U болгон  14  изотобу белгилүү,  алардын  ичинен  бир  кыйла  туруктуусу -  237U.  Жер  кыртышынын  (массасы  боюнча) 3 * 10 -4 % ин түзѳт.  1789-ж. немис химиги Мартин Генрих  Клапрот  ачкан,  металл  түрүндѳгү  1841-ж.  фр.  химиги  Эжен  Пелиго У.  11С14тү калий  менен  калыбына  келтирүүдѳн  алган: UCL4 +    =  U  +  4КС1
Табиятта  уран  отенит,  титаниттер,  танталониобат ж. б. минералдардын курамында  болот.  Ак түстѳгү,  оор  металл;  б.  эрүү  t  1572°С;  кайноо t 4487°С; бирикмелеринде +3, +4, +5 ж-а +6 (кээде +2) окистенүү даражаларын кѳрсѳтѳт. Уран кычкылтек  менен  2,  3,  U2О3  оксиддерди,  галогендер менен галогениддерди, азот менен 450-700°Сде U4N 7  нитридди,  кѳмүртек  менен  карбидди,  металлдар  менен  ар  түрдүү  куймаларды  пайда  кылат. Уран  туз,  азот  кислоталарында  жакшы  эрийт,  ал  эми щелочтор  менен  реакцияга  кирбейт.  Урандын  (III) валенттүү  бирикмелери  күчтүү  калыбына  келтиргич заттар.  Уран ж -a анын бирикмелери АЭСте ядро реактор отуну катары, о. эле металлургияда колдонулат.