Шайлоо системасы

ШАЙЛОО СИСТЕМАСЫ (гр. systema - бөлүктөрдөн куралган бүтүн) - шайлоо процессии жөнгө салуунун процедуралары менен нормаларынын жыйындысы; бийлик органдарын түзүүнүн жана алардын өкүлдөрүн добуш берүү аркылуу шайлоонун тартиби, Шайлоо системасынын түрүнө мажоритардык (көпчүлүк катыш кан же парламент) жанаа пропорционалдык (саясий партиялардын өкүлдөрү катышкан) шайлоо системалары кирет. Шайлоо системасы жарандардын мамлекеттик шайлоо органдарын түзүүгө катышуу укугуна, б. а. шайлоочулардын шайлоого жана референдумга добуш берүү укугуна негизделген. Шайлоо системасы шайлоо органдарын түзүүнү, шайлоонун уюштурулушун жана анын ишке ашырылышын өзүнө камтыйт. Шайлоо системасы ошондой эле формалдуу кабыл алынган жалпылык жанаа теңдик принциптерине негизделет. Айрым учурда шайлоо учурунда «ценздик» чектөөлөр да киргизилиши мүмкүн. Шайлоо процесси негизинен тикелей, түз же кыйыр түрдө өтөт. Шайлоону, референдумду дайындап белгилөө мамлекет башчысынын - президенттин укугу. Шайлоонун жүрүшүндө мыйзам нормаларына ылайык добуштарды эсептөө процедуралары ж. б. иштер аткарылат. Көпчүлүк өлкөлөрдө шайлоо системасы менен катар, анын комбинациялык (экинчи тур үчүн) же параллель (мында парламенттик шайлоо өзүнчө бир система, бийликтин жергиликтүү органдарын шайлоо экинчи система) системалары колдонулат.