Синквейн деген эмне

СИНКВЕЙН - окуучулардын ой жүгүртүүсүн жана сынчыл ойломун өстүрүү ыкмасы. Французча "5 сап ыр" дегенди билдирет. Синквейн түзүү эрежеси: 1-сапта тема бир сөз менен аталат. Адатта бул зат атооч болуп, ким?, эмне? деген суроолорго жооп берет. 2-сапта тема эки сөз менен сыпатталат. Ал сын атооч болуп, кандай?, кайсы? деген суроолорго жооп берет. 3-сапта темага карата 3 сөз менен иш-аракет берилет. Ал этиш болуп, эмне кылат?, эмне кылып жатат? деген суроолорго жооп берет. 4-сапка темага карата мамилени билдирген, 4 сөздөн турган сүйлөм жазылат. 5-сапка теманын маани маңызын кайталоочу синоним бир сөз менен жазылат.