ФИЗИКА (гр. physis - табият) — табияттагы кубулуштардын
жөнөкөй жана жалпы закон ченемдүүлүгүн, материянын касиеттерин, түзүлүшүн, кыймыл
закондорун изилдөөчү илим. Анын закондору - табият жөнүндөгү башка илимдердин негизи.
Физика - так илим жана кубулуштардын закон ченемдүүлүгүнүн сан маанисин аныктайт.
Физика эксперименттик жана теориялык болуп айырмаланат. Эксперименттик физика—
жаңы фактыны (чындыкты) байкоо жана белгилүү физикалык закондорду текшерүүдө жүргүзүлүүчү
тажрыйбалар; теориялык физикага табияттын закондорун так жана кыска түшүнүктүү
жазуу, бул закондордун негизинде каралуучу кубулушту түшүндүрүү жана болуучу жаңы кубулуштарды күн мурунтан алдын ала айтуу милдети жүктөлөт.
Азыркы физика изилдөөчү объектилер ар кандай
болгондуктан элементардык бөлүкчөлөр, атом ядросу, атом, молекула, газ жана
суюктуктар физикасы болуп бөлүнөт. Ошондой эле изилденүүчү нерсенин түрүнө же материянын кыймыл формасына жараша физика:
материалдык чекиттин жана катуу нерсенин механикасы, туташ чөйрөнүн механикасы, термодинамика,
статикалык механика, электродинамика, тартылуу, квант механикасы,
талаанын квант теориясы, термелүүлөр, толкундар ж. б. болуп айырмаланат.
Физика - табият жөнүндөгү
байыркы илим. Анын өз алдынча илим болуп калыптанышы Г. Галилейдин эмгектеринен башталат
(17-кылымдын 1-жарымы). И. Ньютон Г. Галилейдин, нидерланд физиги X. Гюйгенстин ж.
б. окуусун өнүктүрүп, 1687-жылы физиканын алгачкы негизи - классикалык
механиканы түзгөн. 17-кылымдын 2-жарымында геометриялык оптиканын тез өнүгүшүнүн
негизинде телескоп ж. б. оптикалык куралдар жасалган, жарык ылдамдыгы өлчөнүп,
жарыктын табияты жөнүндө корпускула жана толкун теориялары пайда болгон. Электр-магнит
кубулуштары, ошондой эле жылуулук, акустика жөнүндөгү изилдөөлөр башталган. 18-кылымда
классикалык механика менен бирге асман механикасы өнүгүп, анын негизинде дүйнөнүн
бирдиктүү механикалык картинасы түзүлгөн. Катуу заттар механикасы менен
катар суюктук жана газ механикасы өнүккөн. Орус окумуштуулары М. Ломоносов, Г. Рихман
чагылгандын табияты электр экенин далилдеген. 1820-жылы X. Эрстед электр
тогунун магнит жебесине аракетин аныктап, электр менен магнетизмдин ортосундагы өз ара
байланышты байкаган. 1831-жылы М. Фарадей электр-магнит кубулушун ачкан. Энергиянын
сакталуу законунун ачылышы физика жана табият илимдери үчүн зор мааниге ээ болду.
1897-жылы англиялык физик Ж . Томсон электронду ачкандан кийин, атом
татаал түзүлүш экени айкындалган. 1905-жылы А. Эйнштейн салыштырмалуулуктун атайын
теориясын, ал эми 1915-жылы жалпы теориясын түзгөн. Бул теория X. Лоренц жана франциялык окумуштуу Пуанкаренин
эмгектеринин негизинде даярдалган. Атом электр-магнит энергияны үзгүлтүксүз эмес,
белгилүү чоңдукта үзгүлтүктүү нурлантат деген гипотезаны немис физиги
М. Планк айткан (1900). Бул гипотезаны А. Эйнштейн кеңейтип, классикалык электрдинамика
түшүндүрө албаган фотоэффект кубулушун түшүндүргөн. Э. Резерфорд α бөлүкчөнүн заттын
чачыроо бурчунун чоңдугу боюнча атом ядросун аныктап, атомдун планеталык
моделин түзгөн (1911). Атомдун энергияны нурлантуусунун туруктуулугун жана алардын
сызыктуу спектрин классикалык физика түшүндүрө алган эмес. Бул кыйынчылыктан чыгыш
үчүн Н. Бор бир нече постулатты сунуш кылган. Ал боюнча атомдогу электрондор кандайдыр
бир туруктуу абалдан башка туруктуу абалга өткөндө гана нурланат. Катуу нерселер
физикасынын азыркы түшүнүгү 20-кылымдын башталышынан тартып өнүккөн. 20- кылымдын 20-жылдарында азыркы физикалык теориялардын
бардыгын камтыган өтө терең маанидеги квант механикасы түзүлгөн. 1926-жылы австриялык физик
Э. Шрёдингер квант механикасынын негизги теңдемесин түзгөн. Квант механикасынын өнүгүшү менен катар
квант статистикасы да кошо өнүккөн. Квант статистикасы - өтө көп микробөлүкчөлөрдөн
турган физикалык системанын касиетин изилдейт жана катуу нерселердин теориясын түзүүдө
мааниси зор. Ѳтө өткөргүчтүк жана өтө агуучулук кубулуштардын ачылышы (1911) квант
статистикасында жаңы методдун ачылышына түрткү болду. Радиоактивдүүлүктүн жана изотоптордун ачылышынын
натыйжасында, Э. Резерфорд атом ядросунун структурасын аныктады. 1932-жылы англиялык физик Ж . Чедвик нейтронду,
1934-жылы И. Жолио-Кюрижана физика Жо-лио-Кюри жасалма радиоактивдүүлүктү ачкан.
Атом ядросунун физикасы менен катар
элементардык бөлүкчөлөр физикасы тез өнүгө баштаган. Материяны элементардык бөлүкчөлөр
деңгээлинде изилдөө - физиканын негизги проблемасы. Ядродо нуклондордун
байланыш энергиясын, ядро энергиясын, ядро энергиясынын деңгээлин ж. б. эсептөөгө
мүмкүндүк берген атом ядросунун ырааттуу теориясы азырынча жок. Плазма физикасынын
алдындагы башкы проблема – плазманы ~109К температурага чейин ысытуунун эффективдүү (натыйжалуу) ыкмасын
иштеп чыгуу жана аны кандайдыр бир убакытка кармап туруу. Космология боюнча көптөгөн чечилүүгө тийиш
маселелер бар.