ПОЭМА (гр. poiema) - 1) лирика-эпикалык жанрдагы
ыр түрүндѳгү кѳлѳмдүү чыгарма. Байыркы заманда жана орто кылымда поэма деп монументтүү
баатырдык эпосторду (эпойеяны) - «Иллиада», «Одиссея», «Роланд жѳнүндѳгү ырды» аташкан;
бул генезистик жактан жанрдын эпикалык табиятын кѳрсѳтүп, поэманын бир катар
салттуу белгилерин (мазмундун тарыхыйлыгы, баатырдык мүнѳзү, легендалуулук, поэтикалуулук)
түшүндүрѳт. Поэманын баатырдык, дидактикалык, сатиралык, тамашалуу-комедиялык,
романтикалык сюжеттүү, лирика-драмалык ж. б. түрлѳрү бар. Бүткүл дүйнѳлүк тарыхый
(диний) темадагы («Энеида», Вергилий; «Ажайып комедия», А. Данте; «Генриада», Вольтер;
«Куткарылган Иерусалим», Т. Тассо ж. б.) жана романтикалык сюжеттүү («Жолборс терисин
жамынган баатыр» - Руставели; «Шахнаме», А. Фирдоуси) поэмалар бар. Булар орто кылымдагы
рыцардык романдын салттарына жакын. Акырындап поэмада биринчи планга инсандык, философиялык
адеп-ахлактык проблемалар чыгып, лирика-драмалык элементтер арбып, фольклордук салттар
ѳздѳштүрүлгѳн («Фауст», И. В. Гёте ж. б.). Поэма жанры романтизм доорунда
гүлдѳгѳн («Чайльд Гарольддун саякаты», Ж. Байрон; «Жез атчан», А. Пушкин; «Демон»,
М. Лермонтов; «Германия, кыш кы жомок», Г. Гейне). 19-20-к-да реалисттик («Гайават
тууралуу ыр», Л. Лонгфелло; «Кызыл тумшук аяз», «Россияда ким жыргайт», Н. Некрасов)
поэмалар жаралган. Кыргыз элинде да ондогон элдик поэмалар оозеки түрдѳ ооздон-оозго
ѳтүп, узак убактар бою жашап келген. Аларда элдин турмуш-тиричилиги, социалдык абалы
бир кыйла кеңири берилген. Тѳкмѳ акындардын чыгарчылыгында да поэма негизги
орунда тур ат. Жазма адабияттын пайда болушу менен А. Токомбаевдин «Ѳз кѳзүм менен»,
Т. Үмѳталиевдин «Айсулуу», Кубат», Ж . Бѳкѳнбаевдин «Кыздын канаты», «Ажал менен
Ар-намыс», А. Осмоновдун «Жеңишбек», «Толубай сынчы», Ж. Турусбековдун «Энем», «Каракчынын
трагедиясы», А. Токтомушевдин «Какшаалдан кат», С. Эралиевдин «Ак Мѳѳр»,
Жылдыздарга саякат» ж. б. поэмалар жаралды; 2) м у з ы к а д а эркин түзүлүштѳгү
анча чоң эмес лирикалык пьесаларды, бир бѳлүмдүү, кѳлѳмдүү симф. чыгармаларды (программалык
симор. П.), о. эле хордук, вокалдык-аспаптык чыгармаларды билдирүүчү термин.