Поэзия деген эмне

ПОЭЗИЯ (грекче poiesis - жаратамын , чыгарамын ) - 1) байыркы заманда жалпы эле көркөм адабият, сөз өнөрү поэзия деп аталган. Көркөм кара сөз (проза) термини пайда болгондон кийин, поэзия деген термин ыр менен жазылган чыгармаларды да билдирип калды; 2) көркөм прозадан айырмаланып, ыр менен жазылган чыгармалар (мисалы, лирика, ыр түрүндө жазылган драма же роман, поэма, ошондой эле биздин заман менен орто кылымдагы элдик эпос). Поэзия менен проза сөз өнөрүнүн негизги эки түрү. Алар көркөм сөздүн, негизинен ыргактын түзүлүшү боюнча бири-биринен айырмаланат. Поэтикалык речтин ыргагы так ажыратылган ыр саптарынан, синтаксистик бөлүнүштөргө дал келбеши мүмкүн болгон бирдей бөлүктөрдөн түзүлөт. Азыркы поэзиядагы ыр формасы менен сөздөрдүн өз ара таасири (ыргак менен уйкаштык шартында сөздөрдү салыштыруу, речтин тыбыштык жагынан таасын көрүнүшү, ыргактык жана синтаксистик түзүлүштөрдүн карым-катнашы) көркөм мазмундун башкача жол менен жетишүүгө мүмкүн болбогон татаал, өтө кылдат түрлөрүн, өзгөрүү жылыштарын пайда кылат. Поэзия көбүнчө монолог түрүндө болуп, каарман менен автордун сөздөрү бирдей болот. Поэзия менен прозанын чеги так ажырабайт: прозадагы ыр жанa эркин ыр сыяктуу орток түрлөрү бар.