ПОЭТИКА (гр. poietikte - поэтикалык өнөр) - кош
маани туюнтуучу термин: 1) адабияттын тигил же бул кубулушунун өзгөчөлүгүн аныктоочу
көркөм эстетикалык жанa стилдик сапаттардын жыйындысы; 2) адабият таануу
илиминин көркөм адабият, адабий түр, жанр жанa сөз өнөрүнүн жеке бир чыгармасын
курап турган жалпы элементтерди изилдөө-тарыхый туруктуу көркөм формалар менен үлгүлөрдү
сыпаттап берүү жана классификациялоо, алардын тарыхый милдетин жана эволюциясын
ачып берүү маселелерин камтый турган тармагы. Поэтика адабият таануунун бир тармагы
катары бир жагынан, стилистика жана ыр таануу менен, экинчи жагынан, эстетика жана
адабият теориясы менен байланышат. Поэтика дайыма адабият тарыхы жана адабий сын
менен карым - катнашта болот, классификациялоодо
жана анализ бергенде, аталган тармактардын маалыматына таянат. «Поэтика»
термини белгилүү бир акын, багыт, улут жанаа доорго тиешелүү көркөм каражаттар
системасын туюнтуу үчүн да колдонулат.