ЭВОЛЮЦИЯ (лат. evolution - бөлүнүү
менен өөрчүү) - тирүү организмдердин тарыхый өөрчүүсүнүн калыбына келбес
процесси. Бир нече багытталбаган мутациялардан эволюциялык элементардык материал
катары - чөйрөнүн шартына карата организмдердин ыңгайлануусуна алып келүүчү белгилердин
жанa касиеттердин
комбинациясы түзүлөт. Биринчилик эволюциялык өзгөрүүлөр
(микроэволюция) популяция деңгээлинде жүрөт. Эволюциянын элементардык шарты катары
мутация жана табигый тандалуу гана эсептелбестен,
популяциядагы особдордун санынын өзгөрүүсү, популяциялардын обочолонуусу да
эсептелет. Популяциядагы эволюциялык процесс түрдүн пайда болушуна алып келет
же түрдүн толук өзгөрүүсүн пайда кылат. Анын себептерин, кыймылдаткыч күчтөрүн,
механизмдерин, темпин жанa
жалпы закон ченемдүүлүктөрүн эволюциялык биология окутат. Кээ бир убакта эволюция термининин ордуна филогенез
термини да колдонулат.