Лекция деген эмне


ЛЕКЦИЯ (лат. lectio - окуу) - окуп берүү; илимий негизде баяндап берүү, түшүндүрүү. Мектепте (жогорку класстарда), айрыкча ЖОЖдордо өтө кеңири колдонулат. Зарылчылыгы төмөнкүдөй жагдайлар менен шартталат: жаңы ачылган сабактар боюнча окуу китептер түзүлө элек учурда же татаалдаштырылып, өздөштүрүү үчүн кыйынчылыктарды жараткан учурда окутуучу тарабынан лекцияда чечмеленет. Айрым маселелер боюнча карама-каршы пикирлер, концепциялар болгон мезгилде да аны анализдеп жалпы корутундулоо лекциянын милдети. Лекция окутуу методу катары төмөнкүдөй үч функцияны аткарат: маалымат жеткирүү, б. а. илимий теориялык маалыматтарга ээ кылат; өбөлгөлөө б. а. темага карата кызыгууну ойготот, тереңдетет, өз алдынча окууга түрткү берет; түрдүү маселеге жеке сын көз карашынын калыптанып өнүгүшүнө негиз болот.
Лекциянын бир нече типтерин бөлүп кароого болот: максаты боюнча үгүт-насыят, таалим-тарбия багытындагы лекциялар; мазмуну боюнча академиялык жана илимий-популярдуу лекциялар; окуу процессиндеги ордуна карай: киришүү, корутундулоо, жалпылоо жана обзордук болуп бөлүнөт.